Бугу 20, 2024
Убакыт: 09:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстан күн нурунан электр энергиясын өндүрүүнү пландап жатат

02.09.2021 10:13
494
Кыргызстан күн нурунан электр энергиясын өндүрүүнү пландап жатат

Кыргызстан күн нурунан электр энергиясын өндүрүүнү пландап жатат. Мындай пикирин Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Пирамида" каналына берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, азыркы учурда күн нурунан электр энергиясын өндүрүү боюнча германиялык ишканалар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.


"Баарыбызга белгилүү болгондой Токтогул ГЭСинин абалы жакшы эмес. Ошондуктан биз Түркмөнстан, Казакстан жана Өзбекстандан электр энергиясын импорттоого мажбур болуп жатабыз.


Кышында светти өчүрбөй, ГЭСтеги сууну да критикалык абалга жеткирбөө үчүн сатып алууга мажбурбуз.

Ошондой эле күн нурунан электр энергиясын өндүрүү боюнча германиялык ишканалар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат",- деди Марипов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн