Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 19:20
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Кыргыз курамасы ФИФАнын жаңы рейтингинде 96-орунга жайгашты

09.04.2020 17:01
1018
Кыргыз курамасы ФИФАнын жаңы рейтингинде 96-орунга жайгашты


Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы ФИФАнын жаңы рейтингинде 96-орунда калды. Бул тууралуу уюмдун бүгүн 9-апрелдеги жаңы тизмегинде жарыяланды.


Коронавирус пандемиясына байланыштуу көпчүлүк Эл аралык мелдештер өтпөгөнүнө байланыштуу өзгөрүүлөр дээрлик жокко эсе. Тизмени Белгия курамасы жетектеп келе жатат, экинчи сапта учурдагы дүйнө чемпиону Франция курамасы, үчүнчүдө Бразилия.


Кыргызстан курамасы менен Дүйнө жана Азия чемпиондугунун тандоо турунда бир тайпага түшкөн Япония - 28, Тажикстан - 121, Мьянма - 136 жана Монголия – 190 орунда жайгашкан.


9-апрелге карата ФИФА рейтинги:


1 (1). Бельгия – 1765 ,

2 (2). Франция – 1733,

3 (3). Бразилия – 1712,

4 (4). Англия – 1661,

5 (5). Уругвай – 1645,

6 (6). Хорватия – 1642,

7 (7). Португалия – 1639,

8 (8). Испания – 1636,

9 (9). Аргентина – 1623,

10 (10). Колумбия – 1622...

28 (28). Япония – 1500...

96 (96). Кыргызстан – 1240...

121 (121). Таджикстан – 1152...

136 (136). Мьянма – 1081...

190 (190). Монголия – 906...

 

Эске салсак ФИФАнын кийинки тизмеги 11-июнда чыгат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн