Кыргызстандын курама командасы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө кубогунда төртүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу сынактын сайты жарыялады.
Алгачкы үч орунду Россия, Венгрия жана Түркия командалары ээлешти.
UWW эрежелерине ылайык, биринчи орунга 25 упай, экинчи орунга - 20, үчүнчүгө - 15, бешинчи - 10, жетинчи - 8, сегизинчи - 6, тогузунчуга - 4 жана онунчу - 2 берилет.
КР бир биринчи, эки үчүнчү жана үч бешинчи орундарга ээ.
Эске сала кетсек, Жоламан Шаршенбеков алтын, Кала Сулайманов жана Руслан Царев коло алышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн