Бугу 09, 2024
Убакыт: 10:36
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргызстан курамасынын жаңы машыктыруучусу: Биз ийгиликке жете алабыз

12.05.2023 10:31
857
Кыргызстан курамасынын жаңы машыктыруучусу: Биз ийгиликке жете алабыз

Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович Азия Кубогунун-2023 финалдык чүчү кулак тартуунун жыйынтыгы боюнча пикирин билдирди 


Анын айтымында, Кыргызстан өзүнүн атаандаштарын жеңүүгө мүмкүнчүлүгү бар.


"Биринчиден, чүчү кулак тартуу аземи укмуштуудай өттү деп айта алам. Мен бул салтанатка катышканыма кубанычтамын.


Биз «F» тайпасындабыз, биздин атаандаштар жетишээрлик деңгээлде абдан күчтүү командалар.


Сауд Арабиясы өткөнкү Дүйнө Чемпиондугунун катышуучулары, алар тайпадагы эң күчтүү команда деп эсептейм. Таиланд менен Оман да бир топ күчтүү атаандаштар десек болот.


Чүчү кулактын тартылышы - биз көзөмөлдөй албай турган нерсе экендигин айта кетейин, атаандаштарды тандай албайбыз, биз берилген фактыны гана кабылдай алабыз.


Мындан ары биз үчүн эң башкы милдет - команданы бул турнирге даярдоо. Албетте, мен ийгиликке, биздин жеңишке, максатыбызга жетээрибизге ишенем",- деди Таркович.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн