Аяк оона 27, 2024
Убакыт: 18:10
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.930

Кыргызстан менен Андорра тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча кызматташат

27.09.2024 14:40
141
Кыргызстан менен Андорра тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча кызматташат

Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Андорранын тышкы иштер министри Имма Тор Фаус менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өттү.

Жолугушууда Кыргызстандын эки тараптуу диалогду активдештирүүгө болгон кызыгуусу белгиленип, өз ара пайдалуу кызматташуунун потенциалдуу багыттары талкууланды.

Өзгөчө көңүл БУУнун алкагында тоо маселелерин илгерилетүү боюнча кызматташууга бурулду. Ушул контекстте, дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата кыргыз жана андорра тараптары тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча кызматташууга басым жасаган биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Эл аралык кызматташтык маселелерин талкуулоо алкагында, Жээнбек Кулубаев Кыргызстанды 2027-2028-жылдар аралыгында БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө көрсөтүү демилгеси тууралуу маалымдап, Кыргызстанды колдоо өтүнүчү менен кайрылды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тышкы иштер ведомстволорунун жетекчилери эки тараптуу байланышты мындан ары да чыңдоого даярдыктарын тастыкташты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн