Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 05:43
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Кыргызстан менен Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фондунун ортосундагы макулдашуу ратификацияланды

19.07.2024 11:08
354
Кыргызстан менен Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фондунун ортосундагы макулдашуу ратификацияланды


Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 14-майында Рим шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фондунун ортосундагы “Региондук жайыт жамааттарынын туруктуулугу-Адапт” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2024-жылдын 14-майында Рим шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фондунун ортосундагы “Региондук жайыт жамааттарынын туруктуулугу-Адапт” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо болуп саналат.

Макулдашуунун шарттары боюнча Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду (АӨЭФ) Кыргыз Республикасына 9 215 957 (тогуз миллион эки жүз он беш миң тогуз жүз элүү жети) АКШ доллары өлчөмүндө грант берет. Долбоор Адаптациялык фонд менен АӨЭФтин ортосундагы 2022-жылдын 7-ноябрындагы макулдашууга ылайык Адаптациялык фонду тарабынан АӨЭФ аркылуу каржыланат.

Гранттык каражаттар турмуштук камсыз болуусу жайыт жерлеринен жана токойлорго көз каранды болгон айылдагы аялуу үй чарбаларына колдоо көрсөтөт.

Буларга төмөнкүлөр кирет: мобилдүү экстенсивдүү мал чарбасын жүргүзгөн үй чарбалары; токой продукциясын алган үй чарбалары; тоют камдаган үй чарбалары; жана айылдагы аялдар менен жаштар. Аялдардын жана жаштардын катышуусуна өзгөчө көңүл бурулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн