Бугу 05, 2024
Убакыт: 01:54
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстан менен Азербайжан энергетика тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол койду

25.04.2024 09:33
283
Кыргызстан менен Азербайжан энергетика тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол койду


Кыргызстан менен Азербайжандын Энергетика министрлери ортосунда энергетика тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Документке эки өлкөнүн энергетика министрлери Таалай Ибраев жана Шахвазов Парвиз Октай оглы кол койду.

Меморандумдун негизги максаты — энергетика тармагындагы азербайжан-кыргыз кызматташтыгын өнүктүрүү, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизүү жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө умтулуу болуп саналат.

Тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө умтулушат:

  • тараптардын мамлекеттеринин аймактарында мунай кендерин биргелешип изилдөө жана иштеп чыгуу;
  • мунай жана мунай продуктылары менен соода кылуу;
  • энергиянын кайра жаралуучу булактары жана гидроэнергетика жаатында кызматташуу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн