Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 13-мартта, Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Ганлдилов менен жолугушту.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин талкуулашты.
Өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык алаканын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өткөрүү пландалып жаткан биргелешкен иш-чаралар талкууланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн