Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:22
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы мамиле талкууланды

28.05.2021 12:50
2385
Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы мамиле талкууланды

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны алкагында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Азербайжан Республикасынын премьер-министри Али Хидаят оглы Асадов менен жолугушту.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптар эки тараптуу кызматташтыктын бир катар маселелерин талкуулады.


«Эки өлкө элдеринин тыгыз байланыштары Кыргыз Республикасы жана Азербайжан Республикасы ортосундагы ар кыл чөйрөдөгү кызматташтыкты жайгарууга өбөлгө түзөт деп ишенем», - деди Улукбек Марипов.


Өз кезегинде Али Хидаят оглы Асадов Улукбек Мариповду министрлер кабинетинин төрагасы кызматына дайындалышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасын жана Азербайжан Республикасын жалпы тарых, маданият, тили жана салт-санаасы бириктирип турат деп билдирди.


Ошондой эле ал азербайжан тарап Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндөгү Кыргызстан-Азербайжан достук паркынын жана Гейдар Алиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин курулушунун тез арада жыйынтыкталышына кызыкдар экендигин жана бул боюнча тийиштүү келишим долбоору жөнөтүлгөндүгүн белгиледи.


Азербайжан Республикасынын премьер-министри Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасын Азербайжан Республикасына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.


Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тараптар эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын кеңешмесин өткөрүү тууралуу макулдашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн