Кулжа 29, 2024
Убакыт: 11:58
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.970
1.025

Кыргызстан менен Азербайжандын борбордук банктары кызматташат

14.05.2024 14:34
702
Кыргызстан менен Азербайжандын борбордук банктары кызматташат


Баку шаарында Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев менен Азербайжандын Борбордук банкынын төрагасы Талех Кязымовдун эки тараптуу жолугушуусу өттү.

КР Улуттук банкынан билдиришкендей, жолугушууга Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев, Улуттук банктын делегациясынын мүчөлөрү жана Азербайжандын Борбордук банкынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Азербайжандын борбордук банктарынын, финансы институттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу, банк жана финансы чөйрөсүндө өз ара иш алып баруу жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн борбордук банктарынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Анда КР Улуттук банкы менен Азербайжандын Борбордук банкынын ортосунда борбордук банктардын негизги иш багыттары боюнча өз ара тыгыз иш алып баруусу каралган.

Улуттук банктын төрагасы Бөкөнтаев өз сөзүндө бул меморандум борбордук банктардын ортосундагы өз ара кызматташууну андан ары чыңдоо үчүн негиз болуп берерин, банк ишине тиешелүү ар кандай маселелер боюнча адистердин тажрыйба жана билим алмашуусу үчүн мүмкүнчүлүк түзөрүн, ошондой эле Кыргызстан менен Азербайжандын банк жана финансы системаларынын өнүгүүсүнө алгылыктуу таасирин тийгизе тургандыгын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн