Баш оона 21, 2025
Убакыт: 13:35
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн келечеги талкууланды

20.08.2025 12:51
27
Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн келечеги талкууланды


Кечээ Кыргызстандын элчиси Максат Мамытканов Азербайжанжын экономика министринин биринчи орун басары Элнур Алиев менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.


Жолугушууда Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык маселелери, атап айтканда азербайжан тараптын Кыргызстандын энергетика тармагында долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жана эки өлкө ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнү жогорулатуунун келечеги талкууланды.


Маектештер ошондой эле Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлорго, ошондой эле Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан - Каспий деңизи - Азербайжан багыты боюнча транспорттук коридорду өнүктүрүүнүн айрым аспектилерине токтолушту.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн