Бугу 11, 2024
Убакыт: 08:52
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстан менен БАЭнин соода тармагында кызматташтыгы талкууланды

14.12.2021 13:55
707
Кыргызстан менен БАЭнин соода тармагында кызматташтыгы талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратына  жумушчу сапарынын жүрүшүндө БАЭ вице-премьер-министри, Дубай башкаруучусунун орун басары, финансы министри, шейх Мактум бин Мохаммед бин Рашид Аль Мактум менен жолугушту. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


Акылбек Жапаров белгилегендей, Кыргыз Республикасы БАЭ менен достук мамилелелерди өнүктүрүүгө чоң маани берет.


Ал шейхти Бириккен Араб Эмиратынын негизделгендигинин 50 жылдыгы менен куттуктады жана мамлекет башчынын БАЭ жетекчилигине куттуктоосун жеткирди.


Өз кезегинде БАЭ вице-премьер-министри, Дубай башкаруучусунун орун басары, финансы министри, шейх Мактум бин Мохаммед бин Рашид Аль Мактум соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.


Жолугушунун жүрүшүндө тараптар өз-ара кызыкчылык туудурган багыттардын жыйындысы боюнча эки өлкө кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулады. Атап айтканда, инвестициялык, туризм, айыл чарба тармактарындагы кызматташтыктын маселелери талкууланды.


«Биз эмираттык ишкерлерди жана инвесторлорду инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга чакырабыз жана алардын ишмердүүлүгү үчүн бардык шарттарды түзүүгө даярбыз», - деди Акылбек Жапаров.


Тараптар КР министрлер кабинети жана Бириккен Араб Эмиратынын өкмөтү ортосунда институционалдык өнүктүрүү жана потенциалды жогорулатуу жаатындагы өз ара түшүнүшүү боюнча Меморандумга кол коюлгандыгын канааттануу менен белгиледи.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн