Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 11:54
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Кыргызстан менен БУУнун санариптик кызматташтыгы талкууланды

17.04.2025 13:58
93
Кыргызстан менен БУУнун санариптик кызматташтыгы талкууланды


Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту.


Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу учурунда санариптик жаатта эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде инклюзивдик санариптик чечимдерди колдоо, электрондук башкарууну өнүктүрүү, санариптик сабаттуулук жана инфратүзүмдү өнүктүрүү маселелери талкууланды.


Тараптар мындан аркы кызматташтыкты илгерлетүү жана өлкөнүн санариптик өнүгүүсү алкагында биргелешкен санариптик демилгелерди иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн