Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 12:38
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Кыргызстан менен Британиянын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

15.10.2024 17:24
230
Кыргызстан менен Британиянын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү


Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми телефон аркылуу сүйлөштү.

Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ мамилелеринин, атап айтканда, саясий, экономикалык, инвестициялык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле энергетика, экология, климаттын өзгөрүүсү боюнча өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми журналисттерге каршы акыркы сот чечимине көңүл бурду. Өз кезегинде министр Жээнбек Кулубаев мындай чечимди бийликтин көз карандысыз бутагы болгон сот органдары кабыл алганын белгиледи.

Сүйлөшүүнүн соңунда тышкы иштер министрлери саясий байланыштарды улантуу жана өз ара сапарларды уюштуруу жаатында ишти улантуу боюнча өз ара макулдашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн