Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:25
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргызстан менен ЕИБнын ортосунда меморандумга кол коюлду

30.01.2024 13:51
274
Кыргызстан менен ЕИБнын ортосунда меморандумга кол коюлду


Кыргызстандын транспорт тармагындагы долбоорлорду каржылоо үчүн жалпы суммасы 150 млн еврону түзгөн Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын (ЕИБ) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кол коюу аземи Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы туруктуу транспорттук байланыштар боюнча биринчи Global Gateway инвесторлор форумунун алкагында болду.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Бельгия Королдугунун Брюссель шаарына жумуш сапары менен барган.

Өз кезегинде, Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис Борбор Азия өлкөлөрү менен транспорт тармагындагы кызматташуусу активдүү жүрүп жатканын белгиледи.

Ал эми, Бакыт Төрөбаев Европа менен Азияны байланыштырган Кыргыз Республикасынын транспорттук коридорлорунун маанилүүлүгүн белгилеп, өзгөчө “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча стратегиялык долбоордун келечегине токтолду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн