Бугу 16, 2024
Убакыт: 09:12
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан менен Финляндия пандемиянын жайылышын болтурбоо чараларын талкуулады

30.06.2020 08:59
945
Кыргызстан менен Финляндия пандемиянын жайылышын болтурбоо чараларын талкуулады


Кечээ, 29-июнда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто менен видео-конференция байланыш аркылуу жолугушуусу болду.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, маектешүүнүн жүрүшүндө Финляндиянын «жашыл экономика» жана энергиянын жаңыланма булактары чөйрөсүндөгү ийгиликтүү тажрыйбасына таянуу менен эки тараптуу соода-инвестициялык байланыштарды активдештирүү маселелери талкууланды.

Эки тараптуу мамилелердин алдыга карай өнүгүшүнүн жана ЕБ менен БУУнун алкагында көп тараптуу кызматташуу багыты боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Тараптар учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар боюнча пикир алмашышты. Коронавирустук инфекция пандемиясы жана анын социалдык-экономикалык кесепеттери менен күрөшүүнүн алкагында тараптардын иш үстүндө өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү боюнча макулдашуу жетишилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн