Чын курандын 06, 2025
Убакыт: 00:24
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Кыргызстан менен Германиянын ортосунда документтерди колдонуу шарттары жеңилдеди

21.11.2024 11:38
286
Кыргызстан менен Германиянын ортосунда документтерди колдонуу шарттары жеңилдеди


КР Тышкы иштер министрлиги 2024-жылдын 7-октябрынан тарта Кыргызстан менен Германиянын ортосунда 1961-жылдын 5-октябрында Гаага шаарында кол коюлган чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу конвенциясы күчүнө киргенин маалымдайт.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул Германия өзүнүн эскертмесин (каршы пикирин) кайтарып алып, Кыргызстандын Конвенцияга кошулуусуна макул болгондугунан улам мүмкүн болду.

"Апостиль коюу бул өлкөлөрдүн биринде берилген документтерди экинчисинин аймагында таануу жол-жобосун жеңилдетет. Эми жарандар жана юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик органдар эки мамлекетте расмий документтерди колдонуу үчүн кошумча консулдук мыйзамдаштыруу процедураларынан өтүү жокко чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, апостиль системасын киргизүү административдик процесстерди тездетүүгө, документтерди күбөлөндүрүүгө кеткен чыгымдарды кыскартууга жана билим берүү, ишке орноштуруу, укуктук жана бизнес-процесстер сыяктуу ар кандай чөйрөлөрдөгү бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга мүмкүндүк түзөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн