Бугу 14, 2024
Убакыт: 12:45
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстан менен Индиянын аскерлери биргелешкен аскердик машыгуу өткөрдү

10.03.2023 07:54
233
Кыргызстан менен Индиянын аскерлери биргелешкен аскердик машыгуу өткөрдү

 9-мартта Коргоо министрлигинин 52806 аскер бөлүгүнүн аймагында атайын багыттагы аскерлердин катышуусунда "Канжар-X" кыргыз-индия биргелешкен машыгуусу башталды.


Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, машыгуу эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткаруу, Кыргызстан жана Индиянын мамлекеттик тууларын көтөрүү менен башталды.


Машыгуунун максаты – ар кандай кырдаалдарда атайын тапшырмаларды аткарууда эки өлкөнүн бөлүмчөлөрүнүн күжүрмөн ырааттуулугун, өздүк курамдын талаа көндүмдөрүн жогорулатуу, ошондой эле алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу болуп саналат.


Эскерте кетсек, эки дос мамлекеттин коргоо ведомстволорунун ортосундагы атайын багыттагы бөлүмчөлөр менен "Канжар" биргелешкен машыгуусу жыл сайын өтүп турат. Былтыр машыгуулар Индиянын аймагында өткөрүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн