Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:41
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кыргызстан менен Индиянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

22.11.2024 09:28
27
Кыргызстан менен Индиянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгы талкууланды


Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимовдун MERI тобунун Вице-президенти профессор Лалит Агарвал менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда билим берүү, студенттерди жана профессордук-окутуучулук курамды алмашуу жаатында эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүү талкууланды.

Бешимов билим берүү тармагы Кыргызстан менен Индиянын эки тараптуу кызматташтыктын түркүктөрүнүн бири экенин белгиледи. Жыл сайын 3 миңдей индиялык студенттер Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын медициналык факультеттерине окууга жөнөтүлөт. Кыргызстанда 2024-жылдын ноябрь айына карата индиялык студенттердин саны 20 миңге жакынды түзөт.

Элчи жогорку билим берүү программаларында медициналык адистерди биргелешип даярдоодо кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргызстан жана Индиянын окуу жайларында билим алуу үчүн эки өлкөнүн жаштардын каалоосун стимулдаштыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Лалит Аггарвал Нью-Дели менен Бишкектин ортосундагы өзгөчө маданият жана билим берүү тармагындагы байланыштардын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Бишкекте Индия таануу борборунун ачылышына жана жаңы технологиялар тармагында кадрларды даярдоо боюнча биргелешкен мекеме түзүүгө көмөктөшүүнү макулдашышты.

Лалит Аггарвал жогоруда аталган маселелер боюнча мүмкүн болгон өнөктөштөр менен жолугушуу үчүн Кыргызстанга келүүгө даярдыгын билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн