Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 00:21
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстан менен Индиянын кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

16.04.2024 14:04
126
Кыргызстан менен Индиянын кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды


Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов менен Индиянын Тышкы иштер министринин жаңы дайындалган орун басары П.Капур менен жолукту.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, элчи Бешимов маектешин министрдин орун басары кызматына дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык аспектилери боюнча эң активдүү биргелешкен ишке даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, биринчи кезекте жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштуруу маселесин талкуулашты. Визиттерге даярдык көрүү алкагында учурда тараптардардын кароосундагы эки тараптуу документтердин долбоорлору боюнча ишти активдештирүү боюнча макулдашууга жетишишти.

Ошондой эле Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы өз ара аракеттенүү эки тараптуу жана көп тараптуу форматта натыйжалуу өнүгүп жатканы өзүнчө белгиленди. Буга байланыштуу БУУнун жана башка уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Кыргыз Республикасында индиялык студенттерди окутуу маселелерге көңүл бурулду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн