Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:29
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстан менен Иордания дипломаттык жана кызматтык визаны жоет

01.12.2023 09:35
289
Кыргызстан менен Иордания дипломаттык жана кызматтык визаны жоет


Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Азамат Карагулов Иорданиянын Тышкы иштер жана эмигранттар министрлигинин дипломаттык жана эмигранттар иштери боюнча башкы катчысы Мажид Салжи Аль-Катарна менен жолугушту.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуу Иорданиянын Хашимит Падышалыгынын борбору Амман шаарына болгон иш-сапарынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иордан мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты, айрыкча эки өлкөнүн ортосунда министрлер аралык өз ара сапарларды уюштурууну жана билим берүү, кош салыктан бошотуу, туризм жана түз аба каттамдарын түзүү багыттары боюнча укуктук-келишим базаларын кеңейтүүнү макулдашты. Мындан тышкары, кызматташуунун бардык тармактары боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу максатында жакынкы аралыкта ТИМдер аралык саясий кеңешмелерди өткөрүүнүн зарылчылыгын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар КР министрлер кабинети менен Иордания Хашимит Падышалыгынын өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө Макулдашууга кол коюшту.

Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө элчи Карагулов Иордания Хашимит Падышалыгынын Соода-Өнөр жай палатасынын жетекчилиги менен соода жана инвестиция тармагында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Айрыкча, тараптар соода, мейманкана иштетүү, турак жайларды куруу долбоорлорунун жүрүшү жана башка тармактарда маалымат алмашып, бул багытта ишти улантууну макулдашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн