Бугу 05, 2024
Убакыт: 19:02
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстан менен Иран маалымат жаатында кызматташат

18.07.2023 11:12
270
Кыргызстан менен Иран маалымат жаатында кызматташат


Кыргызстан менен Иран маалымат жаатында кызматташат. Бул тууралуу КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев менен Ирандын Маданий мурастар, туризм жана кол өнөрчүлүк министрлигинин маркетинг жана тышкы туризмди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Лейла Аждаринин жолугушуусунда айтылды. 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Тегеран шаарында өтүп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулган.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев аны Иранга Кыргызстандын негизги ЖМКларынын өкүлдөрүнөн турган делегация коштоп келгенин белгилеп, жолугушуу эки өлкөнүн маалымат каражаттарынын кыйла жакын болушуна негиз болоруна ишеним артаарын билдирди.

Эске сала кетсек, 11-19-июль күндөрү кыргызстандык журналисттердин тобу таанышуу иш сапары менен Иран болушат. 

Сапардын максаты Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достук жана маданий байланыштарды чыңдоо, таанышуу, өз ара маалымат жана тажрыйба алмашуу болуп саналат.

Таанышуу турун Fars News агенттигинин Бишкектеги өкүлчүлүгү ("Eurasia Today" агенттиги) уюштурган.

Делегациянын курамында 21 адам, анын ичинде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Маданият министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев, УТРК, ЭлТР, Ош ТВ, НТС, Нур ТВ, Жалал-Абад ТВ, Баткен ТВ, Азия ТВ, "Кабар" маалымат агенттиги, "Умма" ислам-журналынын жетекчилери жана журналисттери бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн