Бугу 15, 2024
Убакыт: 16:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан менен Италиянын социалдык жана эмгек чөйрөсүндөгү кызматташтыгы талкууланды

16.02.2024 17:19
234
Кыргызстан менен Италиянын социалдык жана эмгек чөйрөсүндөгү кызматташтыгы талкууланды


Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Италиянын ыйгарым укуктуу министри, эмгек жана социалдык саясат министринин дипломатиялык кеңешчиси Микеле Чекки менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Таалай Базарбаев маектеши менен Италияда эмгектенген Кыргызстандын жарандарын социалдык жактан камсыздоо маселелерин талкуулады.

Тараптар эки мамлекеттин компетенттүү органдарына социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы өз ара аракеттенүү үчүн активдүү көмөк көрсөтүүнү макулдашты.

Ошону менен бирге Кыргызстан менен Италиянын миграция чөйрөсүндөгү кызматташуусу, анын ичинде Италиянын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу маселеси боюнча пикир алмашуу болду.

Микеле Чекки миграция чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыктын активдүү өнүгүшүнө канааттангандыгын, ошондой эле Кыргызстандан Италияга эмгек миграциясы жаатында натыйжалуу саясатты ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн