Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Катар өкмөтү менен аскердик тармакта кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды.
Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты коргоо министринин орун басары Эрлис Тердикбаев тааныштырды.
Анын айтымында, документтин алкагында Кыргызстандын аскер кызматкерлери билим берүү долбоорлоруна, кыска мөөнөттүү курстарга, машыгууларга жана сынактарга катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн инфраструктурасын жакшыртуу жана объектилерин куруу жана Катар тараптан акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү боюнча долбоорлор башталышы мүмкүн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн