Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:56
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кыргызстан менен Катар ортосунда визасыз режимди киргизүү сунушталды

25.03.2021 18:07
960
Кыргызстан менен Катар ортосунда визасыз режимди киргизүү сунушталды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта, Катар мамлекетинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайтини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.


Жолугушууда саясий, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Катар менен өз ара байланыштарды ар тараптуу өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Садыр Жапаров саясий кызматташтык тууралуу айтып жатып, акыркы жылдары эки өлкө ортосунда көптөгөн биргелешкен иш-чаралар жана ар кандай деңгээлдеги өз ара иш сапарлар уюштурулганын айтты.

Кыргыз-катар мамилелерин жандандыруу жана жаңы деңгээлге көтөрүү максатында президент эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруунун актуалдуулугуна токтолду.

Садыр Жапаров Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу жылдырылганын эске салып, кыргыз тарап аны быйылкы жылы күтүп жатканын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле соода-экономикалык чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн зарылдыгын, өлкөлөрдүн ортосунда пайдаланылбай жаткан зор потенциалды баса белгиледи.

Ал соода-экономикалык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын биргелешип жана жигердүү алдыга жылдырууга чакырды, үстүбүздөгү жылы кыргыз-катар өкмөттөр аралык комиссиясынын экинчи отурумун өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле, мамлекет башчысы экологиялык жактан таза ата мекендик айыл чарба продукцияларын араб өлкөлөрүнө, анын ичинде Катарга экспорттоого даярдыгын билдирди.

Муну менен бирге президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн элдерин жакындаштыруу үчүн Кыргызстандын жарандарына Катарда визасыз режимди киргизүү маселесин кароону сунуштады.

Катар элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти Мамлекет башчысына жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташуунун алкагында Кыргызстандын аймактарында бир катар медициналык, билим берүү жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.

Абдулла бин Ахмед Ас-Сулайти жаңы биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн