Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:49
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кыргызстан менен Казакстан COVID-19 тез тарап жаткан өлкөлөр, - ДСУ

26.06.2020 20:39
1181
Кыргызстан менен Казакстан COVID-19 тез тарап жаткан өлкөлөр, - ДСУ


Карантиндик чектөө чараларын бошоңдоткон 30 өлкө коронавирус жуккан учурлардын кайрадан көбөйүүсүнө дуушар болууда деп билдирди Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европадагы регионалдык бюросунун директору Ханс Клюге.


Айтымында, аталган региондо аныкталган жаңы учурлар күнүнө 20 миңге жетүүдө, 700дөй каза тапкандар катталууда.


"30 өлкөнүн 11инде вирус тездик менен тарап жатат. Эгерде токтотулбаса, бул өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо системасы кыйроого дуушар болот”, - деп айтты Клюге.


ДСУ сөз болуп жаткан 11 өлкөнү атагандыгын Би-Би-Си маалымдады, алар: Армения, Швеция, Молдавия, Түндүк Македония, Азербайжан, Казакстан, Албания, Босния жана Герцеговина, Кыргызстан, Украина жана Косово.


26-июнга карата Кыргызстанда вируска кабылгандардын саны 4 204кө, айыгып чыккандары - 2 162, каза тапкандары – 43кө жетти. Ал эми Казакстанда жалпы эсеп 19 750 адам болду, булардын ичинен каза тапкандары – 147.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн