Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстан менен Казакстандын ички иштер министрлери Алматы шаарында жолугушту

03.04.2021 08:28
666
Кыргызстан менен Казакстандын ички иштер министрлери Алматы шаарында жолугушту

Кыргызстан менен Казакстандын ички иштер министрлери Алматы шаарында жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


  Ушул жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев жолугушуп, анда соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө макулдашууга жетишишкен.

Ушуга байланыштуу, эки өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан чек арага чектеш аймактарда криминогендик абалды жакшыртуу жана мамлекеттердин экономикасын өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча чаралар көрүлүүдө.

Кыргызстан менен Казакстандын ички иштер министрлери Улан Ниязбеков жана Ерлан Тургумбаев жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашып, көп багыттарды камтыган суроолор боюнча ой бөлүшүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ИИМдин башчылары бирдиктүү күч-аракеттерди координациялоо жана улуттар аралык уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү, ыкчам, криминалистикалык, укуктук маалыматтар менен бөлүшүү боюнча ички иштер органдарынын ишин күчөтүү керектигин билдиришти.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин башчысы Казакстанда ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан жаңылоо иштерине, анын ичинде полиция кызматын санариптештирүүгө, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча калк менен кызматташтыкты жакшыртууга, түзүмдүк билим берүү реформасына , калктын полицияга болгон ишенимин арттырууга жана натыйжалуу кайтарымдуу мамиле түзүү иштерине өзгөчө көңүл бурду.

"Учур талабына жараша Кыргызстанда дагы, Казакстанда дагы соттук-укуктук реформалоо, анын ичинде ички иштер органдарын дагы реформалоо боюнча иштер жүрүүдө. Бул жолугушуу ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн реформалоо чөйрөсүндөгү оң тажрыйбалар менен бөлүшүүгө себепкер болот деп ишенимдүү түрдө айта алам. Биз кызматташууну мындан ары дагы бекемдөөгө кызыкдар экендигибизди жана өз ара байланышуубузду күчөтүүнү сунуштайбыз",-деди Улан Ниязбеков.

Ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү багыты боюнча кызматташтыгыбыз оң натыйжага ээ. Өткөн жылы жана ушул жылдын үч ай ичинде кылмыш жасоого тиешеси бар 35 адам Казакстандан аныкталган. Өз кезегинде Кыргызстандын милиция кызматкерлери издөө жарыяланган 17 шектүүнү кармашкан. 

Министр Ерлан Тургумбаев жакында Алматыда жүргүзүлгөн бирдиктүү атайын операциянын натыйжасында автоунааларга байланышкан бир нече алдамчылыкка тиешеси бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын билдирди. Бир нече тергөө амалдары жүргүзүлгөн соң шектүүнү коңшу республикага экстрадициялоо иштери каралаарын айтты.

Чек арага чектеш аймактарда кызматташтык өнүгүп жаткандыгы дагы баса белгиленди. Алматы жана Жамбыл облустарынын аймактык полиция бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарынын ички иштер органдары менен тыгыз кызматташып келет.

"Эки өлкөнүн ички иштер органдары жогорку деңгээлде кызматташууда. 2015-жылдан баштап административдик, криминалдык полициянын, миграциялык кызматтын жана башка болүктөрдүн өкүлдөрү курамына кирген Координациялык жумушчу топ иштөөдө. Биздин адистер бирдиктүү операцияларды жана иш-чараларды өткөрүп, чоогу кылмыштарды иликтеп, кылмыштуу топтордун аракеттерин, баңгизаттарды ташууну, мыйзамсыз миграцияны аныктайт жана бөгөт коет. Бул багытта иштерди токтотпошубуз керек. Анткени бул ишибизден ички коопсуздук гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия региону көз каранды",-деп билдирди Казакстандын ИИМ башчысы Ерлан Тургумбаев.

Тараптар коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана улуттар аралык, уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттенүү боюнча эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин тыгыз кызматташтыгы мындан ары дагы уланаарын белгилешти.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн