Аяк оона 23, 2025
Убакыт: 16:56
USD
87.30
87.80
EUR
102.60
103.60
RUB
1.040
1.075

Кыргызстан менен Казакстандын парламенттер аралык байланыштарын өнүктүрүү талкууланды

23.09.2025 15:03
14
Кыргызстан менен Казакстандын парламенттер аралык байланыштарын өнүктүрүү талкууланды


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Казакстандын парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.


Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү тууралуу да сөз болду. 


Төрага Нурланбек Тургунбек уулу соңку жылдары кыргыз-казак кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилеп: “Өлкө башчыларынын стратегиялык өнөктөштүктү өрчүтүү багытындагы аракеттери жигердүү уланып, бардык багыттардагы алакаларыбыз активдүү өнүгүп келет. Муну менен катар эки мамлекеттин парламенттери да тыгыз иш алып барып, жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууга өз салымдарыбызды кошушубуз керек”, – деди. 


Ошондой эле эки өлкөнүн парламенттери эл аралык аянтчаларда активдүү иш жүргүзүп жатканын айткан Нурланбек Тургунбек уулу Бишкекте өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин кезектеги Парламенттер аралык форумунда да маанилүү маселелер талкууланганын кошумчалады. 


Андан тышкары, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү маселесине да токтолгон Төрага биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жана эки өлкө ортосунда жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн инфраструктуралык, логистикалык маселелерди тез арада чечүү керектигин белгиледи. Буга мисал катары Казакстан менен Россиянын ортосундагы өткөрмө жайларында кыргызстандык жүк ташуучу унаалардын узун кезеги түзүлүп, каттамды кыйындаткан жагдайлар бар экенин билдирди. 


Өз кезегинде Казакстандын парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Борбор Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форумуна чакырып, бийик деңгээлде уюштурганы үчүн Жогорку Кеңештин төрагасына ыраазычылыгын айтып, кабыл алынган Бишкек декларациясында маанилүү маселелер камтылганын кошумчалады.


Муну менен катар мамлекет башчыларынын ынак мамилеси кыргыз-казак алакасын жаңы өңүттө өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөнүн белгилеген Маулен Ашимбаев парламенттер аралык байланышты кеңейтүү, мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу жаатындагы сунуштары менен да бөлүштү. 


Ошондой эле эки тараптуу өнөктөштүктү өрчүтүүгө тиешелүү негизги маселелерге токтолуп, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү багытындагы сунуштарын айтты.


Андан тышкары, чек арадагы өткөрмө жайларына байланыштуу көтөрүлгөн маселе боюнча тийиштүү органдарга тапшырмалар берилерин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн