Тогуздун айы 08, 2025
Убакыт: 14:27
USD
87.30
87.80
EUR
101.10
102.10
RUB
1.061
1.090

Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

30.09.2025 09:10
102
Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү


Кечээ, 29-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Казакстандын жаңы дайындалган тышкы иштери министри Ермек Кошербаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү.


ТИМден билдиришкендей, тышкы саясий ведомстволордун жетекчилери кыргыз-казак кызматташтыгынын абалын жана келечектерин талкуулашты, ошондой эле регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.


Сүйлөшүү учурунда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ермек Кошербаевди Казакстандын тышкы иштери министри кызматына дайындалганы менен куттуктап, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн