Кыргызстан менен Кытай чектешкен аймакта очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма сөз кызматынан билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 10-июнь күнү саат 16:49да Кыргызстан менен Кытай чектешкен аймакта очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Эркештам айылында 2,5 балл, Нура айылында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн