Бугу 02, 2024
Убакыт: 19:04
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Кыргызстан менен Кытай тамак-аш азыктары жаатындагы сооданы өнүктүрөт

03.04.2024 16:03
236
Кыргызстан менен Кытай тамак-аш азыктары жаатындагы сооданы өнүктүрөт


Күн мурун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинде Үрүмчү мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Ли Цинхуа баштаган КЭР Башкы бажы башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, ага министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директору Д.Кенжебаев, Ветеринардык кызматтын директору У.Кожобергенов жана Агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын төрагасы Э.Акунбеков катышты.

Жолугушууда эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттешүү багыттары боюнча маселелер көтөрүлүп, алар төмөнкүлөрдү камтыды:

- эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ортосунда ветеринардык жана карантиндик фитосанитардык чаралар чөйрөсүндө координациялоону жана кызматташууну жакшыртуу;

- илдеттердин жана зыянкечтердин таралышын болтурбоо максатында өсүмдүктөр жана жаныбарлар үчүн контролдоо жана карантин механизмдерин өнүктүрүү;

- бирдиктүү терезе GACC (CIFER) тутумуна каттоо сапатын жакшыртуу боюнча тажрыйбалык жардам көрсөтүү;

- Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда айыл чарба продукциясы жана тамак-аш азыктары жаатындагы соода мамилелерин илгерилетүү;

- Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жылкы түркүмүндөгү союлуучу жаныбарлар боюнча, жылкы түркүмдөгү пайдалуу жаныбарлар боюнча, канаттуулар чарбасынын кошумча азыктары, бал жана сүт азыктары боюнча кол коюлган протоколдорду ишке ашыруу жөнүндө маалымат;

- Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда бодо малдын териси, майда малдын жүнү, балык, термикалык иштетүүдөн өткөн бодо малдын эти боюнча, канаттуулардын эти жана ич эттери боюнча протоколдордун долбоорлорун даярдоо жөнүндө маалымат;

- Кыргызстандагы эпизоотиялык абал жөнүндө.

Эки тарап тең өз ара пайда табуу жана эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында, аталган тармактарда мындан ары кызматташууга жана тажрыйба алмашууга даяр экендигин тастыкташты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн