Баш оона 21, 2025
Убакыт: 13:41
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Кыргызстан менен Кытайдын Нарында жаңы аба өткөрмө пункту ачылат

21.08.2025 10:46
19
Кыргызстан менен Кытайдын Нарында жаңы аба өткөрмө пункту ачылат


Кыргызстан менен Кытай ортосунда 20-августта Нарын облусунун аймагында жаңы аба чекитин (аба өткөрмө пунктун) ачуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти. 


Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытайдын Караколдун аймагында иштеп жаткан аба өткөрмө пункту бар. Эми Нарындын түштүгүндө дагы бир жаңы чекит ачылууда. Муну жүргүнчү жана жүк ташуучу учактар өтө ала турган аба чек ара десек болот.


Долбоор учуулардын коопсуздугун жогорулатуу максатын көздөйт. Нарындын аймагындагы тоолор Караколго салыштырмалуу төмөнүрөөк болгондуктан, учуу багыттары кыскарат, ыңгайлуу жана коопсуз болот. Жаңы чекит Кыргызстан аркылуу Түштүк-Чыгыш Азияга учуп өтүүчү каттамдарды ачат жана Кытайдын ири аймагын – Кашкар, Үрүмчү жана башка шаарларды Кыргызстан менен туташтырат. Бул жүргүнчү каттамдарына да, жүк ташууга да мүмкүнчүлүк түзүп, чыгымдарды азайтып, учуу убактысын кыскартат.


Жаңы чекиттин ачылышы президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашып жаткан чоң стратегиялык долбоордун бир бөлүгү. Бул "Аба Жибек жолу" концепциясына дал келет жана кеңири инфраструктуралык демилгелер:


  • Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу,
  • Жалал-Абад шаарында жаңы заманбап аэропорттун курулушу,
  • Эл аралык аба каттамдарынын кеңеши менен катарлаш өнүгүүдө.


Келечекте Жалал-Абад маанилүү транзиттик түйүнгө айланып, Кытайдан жүк ташуучу учактар тез эле келип, жүктөрүн түшүрүп, андан ары Европага чейин кете алат (Кыргызстан "кара тизмеден" чыккандан кийин).


Келишимге кол коюлганга чейин бир катар иштер аткарылды. Атап айтсак, кыргыз жана кытай тараптан аэронавигациялык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Beechcraft-360 учагы менен маршрут бир нече жолу айланып өтүп, радиобайланыш жана радиолокациялык камтуу текшерилди. Ошондой эле мындай текшерүүлөрдү Кытайдын адистери да жүргүзүшкөн.


Дал ушул изилдөөлөрдүн негизинде кытай тарап расмий кат жөнөтүп, жаңы чекит ушул жылдын октябрында иштей баштай турганын тастыктады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн