Теке 03, 2024
Убакыт: 14:25
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы ачыла элек

03.02.2020 11:13
1010
Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы ачыла элек


Кыргызстан Кытай менен чектешкен мамлекеттик чек араны убактылуу жаап, аба каттамдарын токтотту.  Мындай чечим 1- февралда республикалык штабда кабыл алынды.   Ал Кыргызстандын аймагына коронавирустун киришинин алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө максатында чечилген. 

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө коронавирустка чалдыккан бейтаптар катталган эмес. Бардык көзөмөл-өткөрмө жайларында, Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропорттордо санитардык көзөмөл пункттары иштеп жатат. 

Буга чейин өкмөт коронавирустун жайылышынын алдын алуу жана жол бербөө боюнча санитардык жана эпизоотиялык абалга каршы чараларды уюштуруу боюнча план иштеп чыккан. 

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында негизги кыймыл «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттеринде болот. Бул эки бекет Кытай Чыгыш жылнаамасы боюнча Жаңы жылды белгилөө учурунда жыл сайын январдын соңунан февралдын башына чейин убактылуу жабылып келген. 

Кыргыз өкмөтү Кытайда чыккан коронавируска байланыштуу бул убакытты дагы узартты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн