Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Кытайдын турак жай, шаардык жана айыл чарба курулуш министри Ни Хун менен жолугушту.
Мамкурулуштан билдиришкендей, жолугушуу президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагында орун алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2025-жылдын 5-февралында курулуш тармагындагы кызматташтык боюнча кол коюлган меморандумдун алкагында ар тараптуу кызматташтыкты улантуу маселелерин талкуулашты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн