Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 22:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстан менен Кытайдын маморгандарынын жана ишкерлеринин ортосунда $150 млн түзгөн меморандумдарга кол коюлду

26.09.2023 15:01
544
Кыргызстан менен Кытайдын маморгандарынын жана ишкерлеринин ортосунда $150 млн түзгөн меморандумдарга кол коюлду


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Пекин шаарына (Кытай Эл Республикасы) болгон жумуш сапарынын алкагында, Кытайдын Чет элдик ишканалар ассоциациясынын колдоосу менен КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги тарабынан уюштурулган ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушууга катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ишкердик кызматташуунун келечеги, экспортту илгерилетүү, аймактык интеграция жана экономиканы өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Ал эми панелдик сессиялардын катышуучулары болсо Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын 10дон ашуун өкүлдөрү жана Кытайдын ишмердүүлүктүн түрдүү чөйрөлөрүндөгү 80 компаниянын өкүлдөрү болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдарынын жана ишкерлеринин ортосунда 150 млн доллардан ашуун сумманы түзгөн өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумдарга кол коюлду:

– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Кытай Эл Республикасынын Чет өлкөлүк ишканаларды өнүктүрүү ассоциациясы;

– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Гуандун провинциясынын курулуш материалдары ассоциациясы;

– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Шандонг электрик технологиясы компаниясы;

– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу чарба кызматы менен China power international компаниясы;

– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз геология” мамлекеттик ишканасы менен Шиндзи Шанхай өнөр жай корпорациясы;

– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз геология” мамлекеттик ишканасы менен Дэарши компаниясы.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бул иш-чаранын эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү жана эки мамлекеттин ортосундагы ишкер мамилелерди чыңдоо үчүн маанисин белгиледи. Панелдик сессия ишкерлерге кызматташтыкты активдештирүүгө, ийгиликтүү жана жемиштүү G2B жолугушууларын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн