Бугу 05, 2024
Убакыт: 09:26
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда дагы бир өткөрүү пунктун ачуу пландалууда

11.05.2023 19:42
462
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда дагы бир өткөрүү пунктун ачуу пландалууда

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэньди кабыл алды. 


Жолугушууда тараптар энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, көзөмөл өткөрүү бекеттеринин ишин оптималдаштыруу, соода-логистикалык борборлорду түзүү жана айыл чарба продукцияларын экспорттоо, кыргыз-кытай ишкерлеринин жолугушууларын уюштуру сыяктуу бир катар маселелерди талкуулады. 


Ошондой эле, тараптар сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда “Бедел” көзөмөл өткөрүү бекетин ачуу жана Сары-Жаз дарыясына гидроэлектростанция куруу маселелери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолушту. 


“Жакын арада Кытайга Мамлекет башчысынын мамлекеттик сапары жана МинКаб төрагасынын иш сапары болоору күтүлүүдө. Ошол себептүү биз болжолдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп алуубуз керек. Сапарлардын жыйынтыгында кыргыз-кытай мамилелери жаңы сапаттык деңгээлге жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүлөт деп ишенем”, – деди МинКаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн