Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:22
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү маселеси талкууланды

14.07.2021 17:55
1020
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү маселеси талкууланды


Ушул жылдын 14-июлунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ынак коңшу жана достук мамилелеринин ырааттуу өнүгүшүнө, эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгынын жогорку динамикасына канааттануусун билдиришти, ошол эле учурда, алар кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду, атап айтканда, А. Артыкбаев “Эркечтам” өткөрүү пункту аркылуу Токтогул ГЭСин модернизациялоого керектүү жабдууларды Кытайдан Кыргызстанга тез арада өткөрүүгө көмөктөшүү өтүнүчүн билдирди.

Кытай элчиси Ду Дэвэнь кытай тарабы ар дайым жардам көрсөтүп келе жаткандыгын белгилеп, бул маселени чечүүдө максималдуу жардам көрсөтөт деп ишендирди.

Коронавирус инфекциясынын жайылышына биргелешип каршы күрөшүү маселелери талкууланды. Бул контекстте министрдин орун басары А. Артыкбаев кытай тарабынын Кытайй Өкмөтүнүн 150 миң дозадан турган COVID-19 вакцинасынын экинчи партиясын берүү чечимине, ошондой эле Кыргызстанды COVID-19га каршы күрөшүүдө туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн эки тараптуу мамилелерин мындан ары чыңдоо үчүн бардык деңгээлдеги активдүү практикалык өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендигин билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн