Теке 16, 2025
Убакыт: 08:52
USD
87.30
87.80
EUR
101.60
102.60
RUB
1.116
1.135

Кыргызстан менен Кытайдын транспорт тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

02.07.2025 16:43
116
Кыргызстан менен Кытайдын транспорт тармагындагы кызматташтыгы талкууланды


Бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин 12-жыйынынын алкагында транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев кытайлык кесиптеши Лю Вэй менен жолугушту.


Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар эки өлкө ортосундагы транспорт жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты.


Министр Сыргабаев кошумча уруксат бланктарын алмашуу, электрондук уруксат алмашуу системасын ишке ашыруу жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууда айдоочулар үчүн уруксат алуу маселесин көтөрдү.


Өз кезегинде Лю Вэй кыргыз тараптан көтөрүлгөн маселелерди түшүнүү менен кабыл алып, аларды чечүү үчүн тийиштүү аракеттерди жасарын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн