Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:52
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстан менен Корея соттолгон жарандарды алмашмакчы

24.02.2021 11:50
596
Кыргызстан менен Корея соттолгон жарандарды алмашмакчы

Кыргызстан менен Корея соттолгон жарандарын алмашуу боюнча келишим түзүп жатат. Аталган макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралды.


Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиевдин айтымында, учурда Кореяда иштеп жана окуп жүргөн 6000ден ашуун кыргызстандык бар. Ушул күнгө чейин ал жакта эки мекендеш соттолуп, бирөө жазасын өтөп чыккан. Ал эми өлкөдө алты кореялыктын жазык иши каралууда.


Ошондой эле ал буга Башкы прокуратура Кореянын Адилет министрлиги менен жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жана соттолгон адамдарды өткөрүп берүү тууралуу эл аралык келишимге кол койгонун белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн