Бугу 08, 2024
Убакыт: 14:12
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан менен Кореянын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлду

23.10.2023 16:36
175
Кыргызстан менен Кореянын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлду


КР президентинин администрациясы менен Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Меморандумга кыргыз тараптан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, корей тараптан Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ кол койду.

Адылбек Касымалиев кыргыз-корей мамилелерин мындан ары чыңдоо жана кеңейтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Кореянын элчиси бул документке кол коюу эки өлкөнүн өнөктөштүк жылдарында топтолгон эки тараптуу мамиленин жана кызматташуунун аркасында болгонун белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар эки мамлекеттин ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн