Бештин айы 27, 2024
Убакыт: 01:04
USD
86.85
87.35
EUR
90.10
91.10
RUB
0.860
0.900

Кыргызстан менен Кореянын транспорт тармагындагы кызматташтыгы талкууланууда

06.12.2024 12:06
192
Кыргызстан менен Кореянын транспорт тармагындагы кызматташтыгы талкууланууда


Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Түштүк Кореянын Hyundai Consraction Equipment компаниясынын чакыруусу менен Сеул шаарына барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш сапардын башкы максаты – кореялык компания менен транспорт тармагында кызматташуунун келечегин талкуулоо.

Анын алкагында Абсаттар Сыргабаев Кореянын курулуш жана курулуш технологиясы институтунун (KICT) башчысынын орун басары Ким Жонгон менен жолугушту. Ошондой эле министр дүйнөдөгү асфальт-бетон чыгарган алдыңкы заводдордун бири SPECO'нын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш сапарынын алкагында Абсаттар Сыргабаев Hyundai Construction Equipment заводунун өкүлдөрү менен жолугуп, кызматташуунун келечегин талкуулады.

"Курулуштун көлөмү тынымсыз өсүп жатканына байланыштуу жол куруу техникасына да суроо-талап өсүүдө. Белгилүү болгондой, Hyundai бренди төрт түрдөгү курулуш техникасынын 92 моделин жана өндүрүштүк унааларды чыгарган эң ири ишкана. Андыктан биз тараптан кандайдыр бир суроолор пайда болгон учурда өз убагында сервистик колдоо көрсөтүлөт деп ишенебиз",-деди ал жолугушууда.

Мындан тышкары, министр таш майдалоочу заводдун жана атайын жол техникаларын чыгарган компанияга барды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн