Кыргызстандын элчиси Нурлан Токобаев Кувейттеги Инвестициялык компаниялар биримдигинин (UIC) башкаруу кеңешинин төрагасы Абдуллах Хамад Аль-Теркейт менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана эки өлкөнүн жеке секторлору ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жандандыруу маселелерин талкуулашты.
Өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттары катары айыл чарба өндүрүшү, жашыл экономика, туризм, тоо-кен тармагы жана маалыматтык технологиялар белгиленди. Ошондой эле исламдык каржылоо куралдарын өнүктүрүү, жеке ишкерлер үчүн билим берүү программаларын жана стажировкаларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Тараптар өз ара түшүнүшүү меморандумун даярдоо, ишкерлердин катышуусунда онлайн форматтагы жолугушууларды өткөрүү жана кувейттик инвестициялык делегацияны Кыргызстанга чакыруу демилгелерине өз колдоолорун билдиришти.
Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин ырасташты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн