Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 00:51
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстан менен Монголия парламенттер аралык байланышын өнүктүрөт

27.02.2024 13:32
139
Кыргызстан менен Монголия парламенттер аралык байланышын өнүктүрөт


Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар эки өлкөнүн парламенттер аралык байланышын өнүктүрүүгө багытталган меморандумга кол коюшту.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, меморандумда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын ортосунда кызматташуу боюнча комиссияны түзүү маселеси камтылып, ар тараптуу алакаларды арттырууга багытталган ченемдер киргизилген.

Анын ичинен тармактык комитеттердин, депутаттык достук топторунун ортосунда тыгыз кызматташтыкты калыптандыруу жана эл аралык алкактагы байланыштарды чыңдоо тууралуу макулдашуулар белгиленген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн