Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Терроризм менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
УКМКнын төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбеков келишим ратификацияланып калса, Кыргызстан менен Монголия адам уурдоо, барымтага алуу, учактарга куралдуу кол салуу, экологиялык терроризм, химиялык куралдарды колдонуу жаатында биргелешип иш алпара турганын белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн