Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 05:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Кыргызстан менен Монголиянын ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулашты

30.05.2023 14:24
302
Кыргызстан менен Монголиянын ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулашты


Кыргызстан жана Монголиянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Батмунхийн Батцэцэг жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 30-майда Кулубаевдин расмий сапарынын алкагында Монголияда өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тышкы саясат ведомстволорунун башчылары саясий диалогду бекемдөө, жогорку деңгээлдеги сапарларды өткөрүү, соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Тышкы иштер министри Кулубаев кыргыз-монгол соода-экономикалык мамилелерин күчөтүү, тактап айтканда айыл чарбасын, кайра иштетүү өнөр жайын жана текстиль өнөр жайын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг бул сунуштардын актуалдуулугун баса белгилеп, монгол тарап биргелешип иштөөгө даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле туризм, медицина, билим берүү жана маданият тармагындагы өз ара аракеттенүүгө басым жасады.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлерине жагымдуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу, ошондой эле аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн