Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:00
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргызстан менен Монголиянын президенттери кызматташтык маселелерин талкуулашты

01.12.2023 17:24
335
Кыргызстан менен Монголиянын президенттери кызматташтык маселелерин талкуулашты


Президент Садыр Жапаров бүгүн Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин аянтчасында Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Өлкөлөрдүн лидерлери эки тараптуу кыргыз-монгол кызматташтыгын ар кандай чөйрөлөрдө кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашып, келечекте биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын белгилешти.

Президент Садыр Жапаров жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстан менен Монголия достук мамиледеги өлкөлөр экендигин айтып, эки мамлекет ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактарда өнөктөштүктү активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн