Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:54
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Кыргызстан менен Норвегия ортосунда коомдук саламаттыкты сактоо чаралары талкууланды

02.07.2020 08:58
1173
Кыргызстан менен Норвегия ортосунда коомдук саламаттыкты сактоо чаралары талкууланды


Кечээ, 1-июлда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Норвегиянын тышкы иштер министри Инне Сёрейде менен видео-конференция аркылуу жолугушуусу болду, деп маалымдады Министрликтин басма сөз кызматы.


Маектешүүнүн жүрүшүндө министрлер коомдук саламаттыкты сактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты. Коронавирустук инфекциянын мындан ары жайылышы жана анын социалдык-экономикалык кесепеттери менен күрөшүүнүн алкагында натыйжалуулукка багытталган кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди.


Курчап турган чөйрөнү коргоо, «жашыл экономика» жана энергиянын жаңыланма булактары чөйрөсүндө кызматташуу маселелери каралды. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде боло турган байланыштардын графиги талкууланды.

Соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүгө жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө өзгөчө басым жасоо менен эки тараптуу мамилелердин бардык комплексин мындан ары интенсификациялоо жөнүндө макулдашуу жетишилди. Эл аралык уюмдардын алкагында тараптардын демилелерин өз ара колдоо маселелерине көңүл бурулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн