Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда адал соода тармагындагы кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду. Документ күн мурун Исламабад шаарында эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 5-жыйынында түзүлдү.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандын делегациясын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеди.
Иш-чаранын алкагында тараптар эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланышты орнотуу, мурда жетишилген келишимдерди иш жүзүндө ишке ашыруу жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Жыйынтыктын негизинде КР Экономика министрлигинин алдындагы "Халал индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Кайырбеков Пакистандын Халал башкармалыгы менен халал соода тармагында өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык боюнча меморандумга кол койду.
Кол коюлган документ халал-продукцияны ишке ашыруудагы техникалык тоскоолдуктарды азайтууга, эки өлкөнүн халал-сертификациялоо органдарынын кызматташуусуна жана өз ара таануусуна, ошондой эле Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн