Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 00:56
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда 5 жылга кызматташуу программасын иштеп чыгуу талкууланды

18.08.2022 18:16
588
Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда 5 жылга кызматташуу программасын иштеп чыгуу талкууланды

17-августта Исламабад шаарында КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев саясий маселелер боюнча ТИМ аралык консультацияларга катышуунун алкагында Пакистандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары С.Махмуд менен жолугушту.


Ведомстводон билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулап, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде Афганистандагы кырдаал боюнча пикир алышты.


Тараптар түрдүү тармактарда кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча болгон потенциалды иш жүзүндө ишке ашыруунун, ошондой эле аймактык жана эл аралык платформалардын алкагында эки тараптуу тыгыз кызматташуунун зарылдыгын белгилешти.


Министрдин орун басары Артыкбаев быйылкы жылы эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу эки мамлекеттин борборлорунда бир катар биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууну, ошондой эле кыргыз-пакистан кызматташтыгына олуттуу импульс бере турган Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда 5 жылга кызматташтык программасын иштеп чыгуу жана кол коюуну сунуштады.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн