Бештин айы 11, 2024
Убакыт: 11:42
USD
86.65
87.15
EUR
91.20
92.20
RUB
0.845
0.900

Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы макулдашууларды ишке ашыруу маселеси талкууланды

12.11.2024 10:31
486
Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы макулдашууларды ишке ашыруу маселеси талкууланды

Кечээ тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов менен Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгамдын жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда кыргыз-пакистан кызматташтыгынын бардык аспектилери боюнча мазмундуу пикир алмашуу болуп, БУУ жана ШКУ сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Тараптар Кыргызстан менен Пакистандын аймактык туруктуулук, коопсуздук жана экономикалык өсүү маселелери боюнча жалпы кызыкчылыктарга ээ экенин жогору баалап, эки өлкөнүн кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон зор потенциалын баса белгилешти.

Тараптар министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Пакистандын президенти Асиф Али Зардари жана Пакистан премьер-министри Шехбаз Шарифтин ортосунда 2024-жылдын 15-16-октябрында Исламабадда өткөн ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында болгон эки тараптуу жолугушууларды канааттануу менен белгилеп, бул жолугушуулардын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча андан аркы конкреттүү кадамдарды талкуулашты.

Министрдин орун басары Эркинов жана элчи Зайгам соода жана инвестицияларды кеңейтүү, туризм, соода-логистикалык багыттарды өнүктүрүү, айыл чарба, текстиль жана фармацевтика өнөр жайы сыяктуу тармактардагы кызматташтык, ошондой эле энергетика тармагындагы өз ара аракеттенүү боюнча актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Тараптар кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп, анын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн мөөнөттөрүн талкуулады.

Мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттердин алкагында тараптар билим берүү жана маданий-гуманитардык алмашуу чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине да токтолду.

Жолугушуунун соңунда кыргыз-пакистан мамилелерин өнүктүрүү маселелери боюнча байланыштарды колдоо жана үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилип, эки өлкө ортосундагы достук жана өнөктөштүктү өнүктүрүүгө болгон жалпы умтулуу билдирилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн